“Акыркы жылдары соттордун көз карандысыздыгы ээн баштыкка айланып кетти”, - деп билдирди бүгүн, 7-июнда парламентте КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина.
Ал соттор туура эмес чечим чыгарган учурлар кездешип жатканын айтты. “Соттор тууралуу мыйзам долбоорунда судьяларды кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбай турганы жазылыптыр. Мага мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топ өздөрүн коргоо үчүн жазгандай сезилип жатат”, - деди ал.
Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Феруза Жамашева мыйзам долбоорунда судьялар жоопкерчилик тартуудан бошотулбай турганын айтты. “Бул жерде жоопкерчиликке тартуу жөнөйкөйлөштүрүлүп сунушталып жатат. Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча, судьяны административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн башкы прокурордун сунуштамасы керек. Биз депутаттардын, президенттин, коомчулуктун сунушу менен бекитилген тартип комиссиясынын курамы аларды жоопкерчиликке тарта алат деп киргизип жатабыз”, - деди Жамашева.