Парламенттин 8-июндагы жыйынында депутат Калдарбек Баймуратов Орусияда Кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүгүн колдонууга тыюу салынышын сындады. Депутат бул боюнча Кыргыз өкмөтүн чара көрүүгө чакырды.
"1-июндан баштап Орусиядагы Кыргыз жарандарынын Кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүгү менен жүргүнчү ташыганга уруксат жок экен. Вице-премьер-министр Олег Панкратов барып, көйгөйлөрдү чечсе болот эле. Эртерээк аракет кылуу керек болчу. 2013-жылы эскертүү берилген экен. Өкмөт мүчөлөрүнүн бирөөсү барып маселени чечкенге аракет кылбаптыр. Мигранттардын ата-энелери "балдарыбыз Орусияда бизди багып жатат, эми тагдыры эмне болот" деп тынчсызданып жатышат. Ошондуктан тез арада бул маселени чечүү зарыл", - деди депутат.