Ирина Карамушкина мугалим болуп иштеп жүргөндө чөнтөкчүнү кармап алганын айтып берди

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина коомдук транспорттон чөнтөкчүнү кармаганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү өлкөдө кылмыштуулуктун саны өсүп жатканын белгиледи. “Коомдук транспорттордо чөнтөкчүлөрдөн сак болуу тууралуу кулактандыруу илинип турат. Мен чөнтөкчүнү бирөөнүн буюмун уурдап жатканда байкап калып айткам. Чөнтөкчү мени бетиме муштуму менен уруп качып кеткен. Мен ошол кезде мектепте иштечүмүн, ошол кебетем менен жумушума баргам”, - деди ал.

Депутат кылмыштуулук боюнча маалымат көп берилбеши керек экенин айтты. “41 жаштагы аялды 3 адам 7 күн зордуктап, ур-токмокко алып, чачын кырып салышканы жөнүндө маалымат чыкты. Жашоо коркунучтуу болуп калдыбы же Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын ишинин ачыктыгыбы? Акыркы учурларда күнүнө 37 кылмыш болуп жатат. Мүмкүн мурда мындай окуялар көп эле болгон, бирок ал боюнча маалыматтар көп берилген эмес”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан