Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндө дарактар кыйылып жатканы белгилүү. Бул аракеттер жолду кеңейтүү максатында болуп жатканы айтылган эле. Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында шаар мэри Албек Ибраимов аталган көчөдө жолду кеңейтүүдө короосу же башка курулушу бузулган жарандарга компенсация төлөнүп берилерин айтты.
Шаар башчы соңку айда мэриянын адистерине 16 миңден ашуун кайрылуу түшкөнүн белгиледи. "Кайрылууда айтылган маселелер боюнча иштеп жатабыз. Токтоналиев көчөсүндө жолду кеңейтүүдө короосу же башка курулушу бузулса анда аларга компенсация төлөнүп берилет. Учурда абдан чоң иш жүрүп жатат. Бүгүн депутаттар акимдерге суроо берип эмнеге бул маселе чечилген жок, эмнеге мындай болуп калды деп жатат. Эл депутаттарды маселени чечет деп шайлаган. Ошондуктан көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошсоңор", - деди Ибраимов.
Жыйындын жүрүшүндө шаардык Кеңештин депутаттары район акимдеринин айрым суроолоруна канааттанбай жатканын айтышканда "биз мэриянын адистери депутаттар менен бир пикирге келип иш жүргүзүшүбүз зарыл", - деп кошумчалады Ибраимов.