SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Интернет колдонуучулар жаанда каалган инспекторго сыйлык ыйгарууну сунуштоодо" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Chyngyz_kg).
Видеодо Патрулдук милиция кызматкеринин нөшөрлөп жааган жамгырга карабай, жол кыймылын көзөмөлдөп, жөнгө салып жатканы көрсөтүлөт. Видео Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Болот Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылып алынганы айтылууда.
Интернет колдонуучулар инспекторго карата "чыныгы эркек экен, кызматын таштап кеткен жок, азамат!", "башкаларга үлгү болуу үчүн сыйлаш керек", "сыйлык берилиши зарыл, дайыма жамандап жүрөбүз. Мактаганды да билиш керек" деген билдирүүлөрдү калтырышууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.