Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү үчүн артыкчылыктарды жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоорун колдошкон жок.
Бул мыйзам долбоору "Республика - Ата Журт" фракциясы тарабынан иштелип чыккан. 110 депутат каттоодон өтүп 36сы "макул", 74ү "каршы" деп добуш берди.
Мыйзамдын долбоору депутаттар үчүн кызматтык турак жайды, кызматтык унаа жана башка артыкчылыктарды жокко чыгаруу, мамлекеттик кызматтын камкорчулук көрсөтүүчү кызматтарынын штаттык санын кыскартууга багытталган.
Маселе талкууланып жатканда КСДП фракциясынан айрым депутаттар популисттик мыйзам долбоору экенин айтышкан.