SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Тил билбей кандай окуяларга туш болгонсуңар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Таякем Москва шаарына келип, орусча билбегендиктен көп иштерден айдалган экен. Анан үйдөгү акемдер жөнөкөй, мисалы, "сколько стоит хлеб?", "дайте мне", "я - кыргыз" деген сөздөрдү үйрөтүшөт экен. Бир күнү "нан ал, мен жаныңда турам" деп карап турса, таякем, айылда мектепте көп айтканбы же сүрдөгөнбү "сколько тебе лет, хлеб?" деген экен".
"Тааныш кызым экөөбүз кир жууганга айна алганы дүкөнгө кирип, "айна дайте, пожалуйста" деп түшүндүрө албай кыйналганыбыз эсимде".
"Күндө бир орус салам берип, учурашып калчу, анча-мынча сүйлөшүп да калчубуз. Бир күнү эртең менен шашылып, окууга кетип жаткам, оюм бир жерде эмес, шашып бараткам. Күндөгүдөй аны менен жолдон кайчылаш чыктык, "привет" деди, "привет" десем, "ты городская?" деп сураса, мен "нет, я айылская" деп жибериптирмин. Ал түшүнбөй тиктегенинен эмне деп койгонумду анан билип, токтобой кайра кете бергем".
"Анда жаш болчумун. Бишкектеги эжемдин үйүнө барып калдым. Кошуналары орустар экен. Эшикте эжемдин баласын карап жүргөм, бир убакта бир мышык биздин короого кирип келди. Анан эле ары жактан орус кемпир кыйкырып калды. Ал кемпир мышыгымды кармап бер деген экен. Мен болсо "мышык силердикиби?" - деп жатат окшойт деп "нет, нет" дей бериптирмин. Ал кемпирдин айткан сөзүн, кийин орусча билип калгандан кийин эстеп бир жылмайып алгам".
"Мен да бир жолу дүкөнгө кирип "чё надо?" десе, мен "хлеб хочу продать" деп тура бериптирмин. Көрсө, "продать" эмес, "покупать" экен да. Анысын кайдан билдим. Кечке сурай бергенинен колумду шилтеп нан албай чыгып баса бергем".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.