"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Лейлек районунун акими: "4 адам ууланган кафенин жетекчилигине 5000 сом айып пул салынган"

6-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы "Ынтымак" кафесинен 4 адам тамактанып уулангандыгы тууралуу маалыматты "ЭЛДИК КАБАРга" окурман жиберген. Ал "кафенин жетекчилиги жабыркагандардан кечирим суроонун ордуна "колуңардан келгенин кылгыла, моюнубузга эч нерсе албайбыз деди", - деген пикирин жөнөткөн.

Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго байланышканыбызда буларды билдирди: "Райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бул окуя боюнча текшерип жатат. Азырынча алар кафеден жеген тамактанбы же өздөрү ала барган салаттан ууланганбы белгисиз. Ошол күнү аялдар кафеден куурдак жешкен экен. Ага кошумча үйлөрүнөн майонез кошулган салат ала барышкан. Бул боюнча алынган анализдердин жыйынтыгы чыга элек. Ал эми көзөмөлдөө борбору "Ынтымак" кафесинин жетекчилигине 5000 сом айып пул салган. Жабырлануучулар райондук ооруканадан амбулатордук жардам алып үйлөрүнө жөнөтүлгөн".

Ал эми Исфана шаардык мэриясынын вице-мэри Зафаржан Камалов "эгерде жабырлануучулар маселе боюнча бизге арыз менен кайрылса карайбыз. Тийиштүү тараптар иликтөө жүргүзөт. Иш жумалыгынын кайсы күнү болбосун бизге арыз таштап коюшсун", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
wwwbaxa
2017-06-08 20:08:39
Кыйратыпсыңар,оооми 5 миңби...жаап салыш керек талапка жооп бербеген кафени
0
nurbekasr
2017-06-08 20:40:30
5 миңди бир күндө таап алышат,50 миң салуу керек эле.Белгилүү эле да булардын сыры,жаптырабыз же олчөйтуп штаф кылабыз дешет.Анан ашкананын ээси жирный обед бергенде штрафты эл көзүнө 5 миң кылды да.
+2
Karaan
2017-06-08 22:17:03
nurbekasr, туптуура айтасын
0
Karaan
2017-06-08 22:23:40
Жабыркагандардан кечирим суратпайсынарбы?
+1
Begimjan
2017-06-10 14:46:44
5 мин дагын штрафбы,20 мин салсанар боло.Исфананын баардык кафелерин текшеруу керек,талапка жооп бербегендери коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан