Японияда падышага тактан баш тартууга уруксат берген мыйзам кабыл алынды

Япония парламенти 83 жаштагы император Акихитонун тактан кетишине шарт түзгөн мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, эми Акихито үч жылдын ичинде мураскери Нарухитого императордук ыйгарым укуктарын толук өткөрүп берет. Бул 2019-жылдын башында ишке ашары күтүлүүдө.

"Парламент кабыл алган мыйзам учурдагы мамлекет башчысына гана тиешелүү. Өткөн жылы Акихито калкына тактысын өз каалоосу менен таштап кетүү ниетин айтып, муну улгайгандыгына жана ден соолугуна байланыштырган.

Япония ушул күнгө чейин монархиялык башкарууда жашап келет. Императордун тактыдан баш тартуусу Япониянын акыркы 200 жылдык тарыхында алгачкы жолу болууда. Буга чейин мындай окуя 1817-жылы болгон", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2017-06-10 07:58:01
Эштеке менен иши жоктой эле корунот экен кол эле коюп отургандай корунуп кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан