Улуттук статистика комитети: "Азык-түлүккө баалар жогорулап, алкоголдук ичимдиктер арзандады"

Азык-түлүккө баалар жогорулап, алкоголдук ичимдиктер арзандады. Баалар Ош шаарында Бишкекке салыштырмалуу өскөнү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин бүгүн, 9-июнда 2017-жылдын май айына чейинки социалдык-экономикалык жыйынтыгы тууралуу өтүп жаткан маалымат жыйында белгилүү болду.

Өлкө боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 2,4 пайыз. Тамак-аштарга жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 4,6 пайызга жогорулады. Жашылчаларга 22,9 пайызга өскөн. Алкоголдук ичимдиктерге болгон баа 3,9 пайызга төмөндөгөнү байкалды. 2017 -жылдын май айына чейин керектөө бааларынын жогорулашы Ош шаарында 4,7 пайыз Бишкекте 1,6 пайыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
futboler
2017-06-09 11:03:52
Мактанышат го
0
wwwbaxa
2017-06-09 11:37:31
шайлоого карата алкоголду арзандаттык дебейби...
0
Tyty1990
2017-06-09 11:44:31
Алкогольду өзүңөр ичкиле
0
Derzki_kyrgyz
2017-06-09 11:47:30
Бакиевди кетиргенде жыргатабыз дешти элего
0
Karaan
2017-06-09 12:38:11
Алкаш болуп кетебиз го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан