Супер аталар, силер үчүн #СуперАта сынагы жарыяланды

Жыл сайын дүйнөдө Аталар күнү июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келди. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Аталар күнүнүн урматына эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен #СуперАта акциясы жүрүп жатат. Дүйнөлүк жылдыздар Дэвид Бекхэм, Жерар Пике, Шакира, Хью Жекман, Льюис Хемилтон өңдүү спорт жана шоу-бизнес жылдыздары бул акцияны колдоого алышты.

Бул күндүн урматына "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы ЮНИСЕФ менен биргеликте #СуперАта сынагын жарыялайт! Эки уулдун атасы, ырчы Ильяз Абдыразаков акцияны колдоого алып, биринчи кадамды баштап берди. Арабызда супер аталар толтура! Алар жумуш, үй-бүлө багуу менен катар балдарынын турмушуна да активдүү катышат. Алар балдарын жуунтушат, тамактандырышат, чогуу ойношот, уктатышат. Дал ошондой супер аталардын балдары менен түшкөн кызыктуу сүрөт-баяндарына сынак жарыялайбыз!

Сүрөттөрдү жана балдарыңыздар тууралуу баянды, кандай ата экениңиздерди 16-июнга чейин star@super.kg дарегине же +996 557 75 63 19 WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот. Сүрөттөр 16-июнда саат 14:00дө SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. 19-июнь күнү 18:00дө добуш берүү токтотулат. Жеңүүчүлөр кызыктуу белектер менен сыйланышат. Аталган иш-чаранын максаты – аталардын балдарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун, алардын сүйүүсүн, бала төрөлгөндөн тарта атанын колдоосу зор мааниге ээ экенин белгилөө. Супер аталар, чамдагыла! Супер ата болуу үчүн супер күчкө ээ болуунун кажети жок!

Эскертүү: Сүрөт-баяндар сапаттуу жана кызыктуу болушу шарт!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Tekecher
2017-06-09 15:58:57
Суротту кайсы жака жибериш керек
+1
kirgizstan
2017-06-09 17:15:20
Tekecher, ватсап номерлерин жазып койуптурго
0
Munarbek1988
2017-06-12 08:52:09
Вотцап номерге жоноткон суротторду ачпай жатасынарго
+10
AzKumFerDan
2017-06-13 04:08:44
Мен москвада элем балдарым менее бизда жонотсок болобу
+2
admin_superstan
2017-06-13 12:48:30
AzKumFerDan, саламатсызбы? Албетте, катышсаңыз болот.
0
Zulya2
2017-06-14 12:42:09
Бут эле Эл козуно корунгон адамдарго жонокой кишилерди Эл колдобойт болуш керек эгер сынакка койсо.....
+7
Ajar812
2017-06-14 13:11:03
Жалан эле аты чыккан аталарго анда ошондой чектоо киргизгиле элди убара кылбай.Атагы чыкпаса да балдарын дастойный чонрйткондор бар
+10
asil-08
2017-06-14 14:41:23
Анжеликанын куйоосу кыздары менен жок го. Жонотуп коюшса жакшы болмок.
-4
Medina87
2017-06-14 20:50:55
Карапайым жумушчу, аялынын бир жагынан чыгып балдарынын келечеги учун ден-соолугуна, тарбиясына кам коргон аталардын Супер сынагы болсо биз да жонотоор элек????......
+3
rysik79
2017-06-15 09:34:12
Ошо пиарщик аталар сынагы го
+3
kyrgyzstan00
2017-06-15 10:44:42
Мен жоноткум келди ,бирок аты чыккан ырчылардан ашпайт го???
+5
evrazia
2017-06-15 18:25:02
Атым чыкпасада жонотуп койдум
+3
ALIZEI
2017-06-15 21:38:28
Жоноткулооо
0
nurka_85
2017-06-16 11:27:23
Керден корсо болот жоноткондорду
+2
bekamadi
2017-06-16 12:19:51
Кайсы жерден коро алабыз.доБуш берууго чыктыбы суроттор
+2
bekamadi
2017-06-16 14:44:32
Супер жакшы иштебегенинер билинип калдыго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан