Чүйдө жоголуп Кызыл-Кыядан табылган үч өспүрүм үйдөн 8 миң сом акча алып чыгып кетишкени белгилүү болду

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Панфилов айылындагы үйүнөн 5-июнда чыгып кетип, эки күндөн кийин Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан табылган Рамазан Дүйшөнбеков, Тахмина Дүйшөнбекова жана Айгерим Сыдыкова деген үч өспүрүм Кызыл-Кыяга кантип кетип калышканы белгилүү болду.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосуновдун SUPER.KG порталына билдиришинче, бир тууган Дүйшөнбековдор үйүнөн 8 миң сом акчаны алып чыгып кетишкен. Алар алгач Кара-Балта шаарына барып ойноп, кайра үйүнө келүүдөн коркуп Ноокаттагы таенесинин үйүнө бармакчы болушкан.

"Бишкек-Ош жолуна чыгып, Ош, Баткен тарапка жүргүнчү ташыган таксистке "Ноокатка таенебиздикине барабыз, апам жиберди, ала кетиңиз" деп алдап, кетип калышкан. Бирок таксист балдардын таенесинин үйүн таба албай Кызыл-Кыяга алып барган. Ошол жерден алар милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн. Ата-энелери барганча балдар кризистик борбордо болушкан", - деди Токтосунов.

Балдар кайда экени белгилүү болгон күнү эле ата-энелери аларды алып келүү үчүн Кызыл-Кыяга кетишкен. Бир туугандар Рамазан Дүйшөнбеков 12, Тахмина Дүйшөнбекова 9 жашта болсо, алардын кошунасы Айгерим Сыдыкова 10 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tavanova.sarah
2017-06-09 13:10:57
Эне негизгиси балдары аман-эсен табылыптырго?! Тынчылык болсо, мындай акчаларды таап алышат..
+6
taalay25
2017-06-09 13:18:26
Вот ромвнтика
-13
nargis
2017-06-09 13:49:42
Озгондон табылды деп окудум элего, Кызыл кыя болсо 1кундук жолдо журушуптурда акчаларын туготуп, мейли аман эсен экен, бирок балдарга акчаны корсотпош керек болчу.
+5
meni_kut
2017-06-09 14:04:38
кичинекей "мафиялар")))).Омурун берсин,чонойгондо эстеп кулушоор.
+11
Fidel
2017-06-09 15:34:38
Ушул таксистер акча десе олуп алышат, тообаа, кандай акмак таксист кичине уч бала келип апам бара бер деди десе аларды алып албай биринчи, ата энесине чалбайбы, же токто апан атан менен суйлошойун, анан алып кетем дебейби, акмак.Бул жон гана акчаларын алып жол киресин толотуп, клиент издебейин деген да! Алып барып анан жол кирени алып анан, милицияга чалганы, Бул жеткен айбанчылык, Башы кыйын иштесе Бишкекте эле сразу милицияны чыкырбайбы?! Кыйтыр Кыйтырович!
+6
Gulnur1980
2017-06-09 16:15:33
Жанылышпасам Озгонго кетип калышыптыр ошол тараптан таптык дебединер беле?!
+1
raykray
2017-06-09 17:49:46
Gulnur1980,озгондо да болушуптур, ошол жерден коргондор болгон экен,
0
Kroxa
2017-06-10 13:07:53
Gulnur1980,акчасы бар экенин коруп тиги таксист озгрндо да Кызылкыяга да ташыды да ошол таксисти жоопко тартыш керек чыгымдарын толосун дарексиз эое чон киши табышиабаса алып кете береби???бишкектен тактап кайсы адреске алып бараарын билип анан салбайбы????акча болсо болду олчойто алма керек 8мини бар болсо ойлонбойбу??балдарда кандай кайдагы акча деп...
0
raykray
2017-06-09 17:50:40
3кылмышкердин турганын, ах.ха, акча табылат, эсен аман табылганына шугур
+1
Truelensk
2017-06-09 17:57:25
Боюнун узудугун корсоткон артындагы сызык эле жетишпейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан