Кечээ, 8-июнда Ички иштер министрлигинин алдындагы коомдук кеңешке Патрулдук милициянын жана министрликтин Кадрлар башкы башкармалыктары аткарган жумуштары тууралуу маалымат беришти.
Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"ПМББнын башчысы Эркин Баевдин маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын саны 7066дан 5868ге кыскарган. Ушул жылдын 4 айында адам өмүрүн алган жол кырсыктар 207ден 155ке азайды. Ал эми жаш балдар катышкан унаа кырсыктарда 2016-жылы 4 айда 36 өспүрүм каза болгон болсо, быйыл 11 бала көз жумган.
Ошондой эле жыйында Кадрлар башкармалыгынын башчысы Болот Имангазиев өздүк курамдагы өзгөрүүлөргө токтолду. Анын айтымында, учурда ИИМдин өздүк курамындагы жетекчилик кызматтарына Өкмөттүн токтомуна ылайык өткөрүлгөн сынактан өткөндөр гана бекитилерин билдирди", - деп айтылат маалыматта.