Бишкек ШИИББи: "Темир жол бекетинде шектүү кара пакет табылып, аймак курчоого алынды"

Бишкектеги Темир жол бекетинде шектүү кара пакет табылып, коопсуздук кызматкерлери аймакты курчоого алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, пакет табылгандыгы тууралуу Темир жол бекетинин коопсуздук кызматкерлери милицияга кабарлашкан. Ошондой эле ал учурда бекет курчоого алынып текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

"Бекеттин ичине тергөөчүлөр менен сапёрлор кирип текшеришкенде, пакеттин ичинен кийимдер чыккан. Бирөө кийимдерин унутуп кеткен окшойт", - дейт Адыл Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TUMAN1
2017-06-09 15:34:30
Хе хе! Силер ызылдап мигалканарды жагып алып бардынар,кокуй жарылат деп. Аны курчоого алып тан эртеден кечке, карасанар элее..............
Аай кокуй кун ай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан