Нарындагы университеттин өкүлү: "Жаңжалга катышкандар элдешти"

Нарын жаштары менен Борбордук Азия университетинде окуган чет элдик студенттер элдешип, жаңжалга чекит коюлду. Бул тууралуу 9-июнда аталган окуу жайдын Нарындагы кампусундагы уюштуруу иштери боюнча менеджери Кубан Сыдыбаев SUPER.KG порталына тастыктады.

Анын билдиришинче, элдешүүгө окуу жайдын жетекчилери, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана аксакалдар катышты. Эки тарап мындан ары пикир келишпестиктерге барууга жол берилбесин убадалашты.

"Облус башчысы жана жаштар келип, университеттин жетекчилиги менен жолугушушту. Келгендер "Кыргыз эли меймандос, тынчтыкты сүйгөн эл, кечирим сурайбыз" дешти. Университет тарап да муну туура кабыл алып, кечирим сурап, жаңжалга жол бербөө үчүн биргеликте иштешели деп сунуш беришти", - деди Сыдыбаев.

Ошондой эле шаар тургундары менен чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы пикир келишпестикке тил маселеси себеп болушу мүмкүн экендигин айтты.

"27-майда спорттук мелдеш өткөн. Спорттук оюн болгондуктан түртүшө кетишкен учурлар болот эмеспи. Мүмкүн түртүшө кетип же чет элдик студенттер өз тилинде сүйлөсө кыжырданышып, уруша кетишкендир. Негизи тил көйгөйү жаралбашы үчүн 2-курстан биз студенттерге билим алып жаткан жердин маданиятын, тилин окутабыз. Бул маселе боюнча сүйлөшүү учурунда да айтып бердим", - деди окуу жайдын өкүлү.

Сыдыбаев 8-июндагы окуяда университеттин ичинде мугалимдер менен студенттердин тизе бүгүп чөгөлөгөнү боюнча буларды айтты. "Бири жалгыз мугалим тизеледи деп жатса, экинчиси 10дой студент тизеледи деп жатат. Бирок жагдай андай эмес, шаардын жаштары да, студенттер да бири-бирине тизелеп, кечирим сурашкан".

Учурда Борбордук Азия университетинде 66 студент билип алып жатса, анын 22си Кыргыз Республикасынын жарандары.

Эскерте кетсек, 27-майда университеттин студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда спорттук мелдеш өтүп, андан кийин жаңжал чыккан. 8-июнда жергиликтүү жаштар чет өлкөлүк студенттердин айрымдарын өз мекенине кетүүсүн талап кылып акцияга чыгышкан. Талап койгон учурда университеттин мугалимдери да болушуп, алардын бири-бирине тизе бүгүп кечирим сурап жатканы боюнча видео интернетке тарап кеткен.

Нарындагы жаңжал: Жаштар чет элдик студенттерди тизелетип, кечирим суратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
engel
2017-06-09 20:14:57
Tushunbodum oidodo tizelep kechirim surashty dep jurot go
0
Mikella
2017-06-09 21:19:11
Меймандос болуп кетебиз, кыргызды ким сыйлап атыптыр. Башка олкодо жургондон кийин озун кичине тыйыш керек!
+3
aijyldyz
2017-06-09 23:58:50
Азаматсынар Нарындын жигиттери. Тузун татып нанын жеп анан тажиктердин ошол кылыгы туурабы? Туристер келсе деле элге пайдасы жок, ак уйдогулордун чонтогуно тушот. Кум тордун элге пайдасы тийип жатабы? Ак уйдон ашпайт. Кыргызды ар ким тебелей бериш керекпи? Ата журттун намысын коргогула. Туура эле чоголоткон!
+2
Truelensk
2017-06-10 09:28:04
Карапайым эл туристтердин пайдасын качан корду эле.турист деп чондор оздорун санаасын ойлоп атат.сезон болбой калып деле кунубуз отуп атат го.
+2
mirkin
2017-06-10 11:29:56
Мен баардык видеону кордум. Тумон башчысынын кымындай да кадыр баркы жок экен. Прездентибиз Ыйман адеп маданят жылы десе Тынчтыка чакырбайбы мындай эл аны укпаса уят болуп эмне барды
0
basyz-kaman
2017-06-10 11:47:27
"Жаңжал чыгарып дүйнө жүзүнө караңгылыгыбызды көрсөттүк дешип кээ бир журналисттер жазып жатышат" Өзүбүздүн жерибизде токмок жеп үн катпай отуруп алганыбызда маданияттуулугубузду көрсөткөн болобузбу? Жаңжалды чыгарган тажик студенттери экен, ал эми Нарындык жигиттер бир аз ашырып жиберишиптир. Чет элдик коноктор өздөрүн тынч жакшы алып жүрүшсө мындай жаңжалдар чыкмак эмес.
+2
pixduel1
2017-06-11 02:42:09
basyz-kaman,туура айтасыз оз элибизде туруп озго элге баш иймек белек, ким туура эмес журуп, тартип бузса демек жооп бериш керек! Эл башчылар башка жака баш ийгени аз келгенсип эл да баш ийсинби! Бироонун элинде ошол элдин маданияты кандай болсо ошондой журуш керек! Кыргыз эли илгертен кучтуу, женилбес эл болгон, эми эмне ошолорго баш ийип кайдагы туризмди айтып элдин башын айланткандын кереги жок!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан