Индия менен Пакистан Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болду. 9-июнда Казакстандын Астана шаарындагы ШКУнун жыйынында ага мүчөлүк кылган Кыргыз Республикасы, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын башчылары эки мамлекетти кабыл алуу жөнүндөгү тийиштүү документтерге кол коюшту.
Андан сырткары кеңейтилген отурумда президенттер Астана декларациясы, экстремизмге каршы туруу боюнча конвенцияга жана жыйындагы билдирүүлөргө кол коюшту.
ШКУ 2001-жылы түзүлүп, курамына Кыргыз Республикасы, Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирсе, бүгүнкү жыйында анын катары Индия жана Пакистан менен толукталды. Учурда Ооганстан, Беларусь жана Иран байкоочулук кылууда.