Депутат мамлекеттик кызматта иштегендерди өлкөнүн туристтик аймактарына жылына бир жолу барганга милдеттендирүүнү сунуштады

“Мамлекеттик кызматта иштегендерди өлкөнүн туристтик аймактарына жылына бир жолу барганга милдеттендирүү керек”, - деп сунуштады бүгүн, 9-июнда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева.

Анын айтымында, Кытайда мамлекет кызматында иштегендер жылына бир жолу өздөрүнүн өлкөсүндөгү туристтик жерлерге барышат. Депутат Кыргыз өлкөсүндө дагы ушундай программа болушу зарыл экенин кошумчалады. Фракция лидери Иса Өмүркулов кызматкерлер мамлекеттин эсебинен барышы керекпи деп сураса, Алтыбаева ар ким өзүнүн эсеби менен барыш керектигин белгиледи.

Мындан тышкары депутат Алтыбаева өкмөттү туристтерди тарта турган өзгөчө нерсени ойлоп табууга чакырды. "Мисалы, Парижде Эйфел мунарасы бар. Бүт дүйнөдөн туристтер ошону көрүү үчүн барышат. Бизге да ушул сыяктуу объект керек", - деди Алтыбаева.

Айта кетсек, КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасындагы туристтик тармактагы абал жана жайкы туристтик сезонго даярдык маселеси талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aidan88
2017-06-09 18:50:06
Deputattardyn bashka ishi jok da ,turisttik jerge chygysh kerek dep bir jylda bir jolu ,ansyz dele bir jylda bir jolu emes kancha jolu chet jerge chygasynar ,,,andan koro mamlekettin ichindegi jagdaidy ,bashka problemalardy karasanar bolot da ,aila jokton kulosun da .bilim beruu ,bala bakcha, joldor ,jumushsuzduk myndai nerselerdi oilonmoi jokpu ,
+7
omurbek1990
2017-06-09 19:17:14
Ит уро берет кербен журо берет. Бул дагы озун кайсы жагынан корсотушту билбей жургон бир байкуш экен да. Бул катындын созуно маани бере турган болсок: Ойунда туристик аймака мамлекетте иштеген киши барса, милдетту турдо, анан мамлекетке ошонун эсебинен акча тушсо. Ана. А мамлекеттик жумушта иштегендердин арасында мугалимдер, ИИМ. Медиктер ж.б бар. Алардын айлыгы турист болууга эмес, уй-булоосуно аран жеткиргендер бар. Эмне аларды ойлобойбу бул ...... депутат катын.
+9
CEO
2017-06-09 19:28:08
Бири элде жок нерсе куруш керек дейт, башкасы наркотикага уруксат берип легалдаштырыш керек дейт, учунчусу жакында сойкулукту легалдаштыралы деп чыгышат...


Эмнеге завод-фабрика куралы, жумуш ордун тузулуп мигранттарыбыз Мекенине кайтсын дешпейт?!! Миллиондон ашык мигранттарыбыздан чет элдик туристтер жогору турабы?!! Бажы Союзуна кирип жатып май-кол, сут кол болот деди эле, кана аткарылганы?!!

Учурда 50миндей кыргыз айдоочу Россияда жумушсуз отурат, кана жарда
+7
kenjebek_a
2017-06-09 19:31:49
Мен госжумушта иштеп 7300сом айлык алам.Мага озунукундой жепутаттын 40000мин айлыгын берсин барам.Бирок менин ал кишиден олкого пайдам кобуроок.Жардамчым жок служебный машина жок, салык толойм.Бирок озу чыгарган закону озуно иштейт,же бизнесине иштейт.Ун ондуруучулорду салыктан бошотобуз дегендей.
+5
dosym
2017-06-09 19:50:20
Мамлекеттик жумушта иштеп баштагандан бери (9 ай болду) милдеттүү барбаган жерим калган жок, Ар майрам сайын площадька, ар суббота уборкага, ар чиновник келген сайын жолугушууга, ар шайлоо сайын добуш топтооого, Дагы айта берсең толтура,
+7
Kg.arts.
2017-06-09 23:09:12
Туристтерди тартуунун дагы бир жолу ажатканаларды ондош керек.
+5
Kroxa
2017-06-10 12:58:49
Париждей болуш учун эйфелдей мунара болбосо да туристер учун бир жанылык ачылыш керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан