Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган Ничке-Сай, Аюу, Курбу-Таш айылдарынын тургундарына Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынын аймагынан жер тилкелери бөлүнүп берилди.
Бул туурасында SUPER.KG’ге Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.
“Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркаган 1039 үй-бүлөгө турак жай салуу үчүн жалпы 219 гектар жер бөлүндү. Жер тилкелери Кароол, Кызыл-Октябрь жана Төрт-Көл айыл аймактагы мамлекеттин карамагындагы жерлерден ар бир түтүнгө 8 сотыхтан берилди. Учурда жаңы тилкелерге электр энергиясын тартып келүү үчүн мамылар орнотулуп жатат. Облус башчысы Таалайбек Сарыбашов тиешелүү мекеме жетекчилери менен келип тургундарга жер бөлүштүрүү иштерине катышты”, - деди Сулайманкулов.