9-июнда Улуу Британияда кезексиз парламенттик шайлоо өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, премьер-министр Тереза Мэй мүчө болгон Консервативдик партия 650 орундан турган палатада 318 депутаттык мандатка ээ болду. Экинчи орунда жайгашкан Лейбористтик партия 262 мандатты ээледи.
"Мындан тышкары парламентке Шотландиялык улуттук партия (35 мандат), Либерал-демократиялык партия (12), Демократиялык юнионисттик партия (10), "Шинн Фейн" (7), Уэльс партиясы (4) жана "Жашылдар" партиясы (1) келмекчи. Дагы бир мандат көз карандысыз талапкер Сильвия Гермонго берилмекчи. Парламенттик көпчүлүктү камсыздоого консерваторлорго 8 мандат жетишпегени үчүн алар демократиялык юнионисттик партия (10 мандат) менен коалиция түзүп, өкмөттүн курамын бекитет," - деп жазышат басылмалар.
Айта кетсек, Улуу Британияда буга чейинки парламенттик шайлоо 2015-жылдын 7-майында өткөн. Парламенттин мөөнөтү үч жылдан кийин соңуна чыкмак.