Бишкекте аккордеон, гитара, комуздун коштоосунда жарамазан айткандар 15 күн бою жарамазан айтуу каадасын көрсөтүшөт

Бишкектеги "Ош" базарында улуттук кийим кийген ак калпакчан жигиттер аккордеон, гитара, комуз аспаптарынын коштоосунда жарамазан айтышты.

"Биз өлкөнүн ар кайсы аймагынан чогулганбыз. Баарыбыз чыгармачылык менен алектенип жүрөбүз. Ортодо чогулуп жарамазан айтуу каадасын жандандыруу максатын көздөп, жаштарга жарамазанды айтуу эрежесин көрсөтүүнү планга койгонбуз. Буга чейин ар кайсы жерде акча чогултуу максатында жарамазан айтып элдин нааразы болгонун көрүп калган элек. Биз 15 күн бою катуу даярдандык. Элдик обонго салынып айтылып жүргөн ыргак угуп турган элди өзүбүзгө тартуу башкы максатыбыз болду", - деди жарамазанчы Дамир Сейдимырзаев.

Маалыматка ылайык, жарамазандан түшкөн каражаттын бир бөлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иретинде таратылмакчы.

"Эл абдан жакшы кабыл алып жатат. Айрым адамдар токтотуп алып ыраазычылыктарын айтышууда. Алдыда 15 күн бою күн-түн дебей салтты жандандыруу аракетин көрөбүз", - деп кошумчалады Сейдимырзаев.

Бишкекте аккордеон, гитаранын коштоосунда жарамазан айтылды
Бишкекте аккордеон, гитаранын коштоосунда жарамазан айтылды-2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antoshka2016
2017-06-10 12:20:35
Дордойдон кордук.сонун айтышат экен
0
asdef
2017-06-10 14:48:49
Культурный тилемчилер
0
Jeka1996vip
2017-06-10 15:46:53
маззасын чыгара жаздын го)))
0
BekAmir
2017-06-10 23:25:22
Тилемчи эмес бул Кыргыздын салты. Жазат десе эле жаза бербегилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан