Акын, драматург жана журналист Эгемберди Эрматов бүгүн, 10-июнда көзү тирүү болгондо 66 жашка толмок. Ал Кадамжай районундагы Пум айылында туулган. Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатын аяктаган соң 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп, андан кийин "Кыргызстан маданияты" гезитинин адабий кызматкери болуп иштеген. Андан соң "Кыргыз руху" гезитинде, "Мурас", "Тулпар" журналдарында эмгектенген.
Ал эми 2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген. 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ал эми 2013-жылдын 29-апрелинен тартып КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болгон.
Эгемберди Эрматов 2003-жылы Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2010-жылы Кыргыз Эл акыны наамдарын алган. Акындын обонго салынган ырлары - "Гүлдөй жан", "Дасторкон", "Биздин жолдор эки айрылыш", "Махабат жөнүндө баллада" жана башка.
Эгемберди Эрматов узакка созулган оорудан улам 2017-жылдын 23-январында көз жумган.
10-июндун жылнаамасы.