Саясатчы, 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты Исмаил Исаков 67 жашка толду. Ал 1950-жылы 10-июнда Ош облусуна караштуу Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1973-жылы Ташкенттеги В.Ленин атындагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын, 1978-жылы Марксизм-ленинизм кечки университетин (Венгрия), 1984-жылы М.Фрунзе атындагы Аскердик академияны (Москва), 1989-жылы “Выстрел” жогорку офицердик курсун (Солнечногорск шаары, РФ), 1996-жылы Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясын, 1998-жылы Эл аралык гуманитардык укук институтун (Сан-Ремо шаары, Италия) жалпы аскердик командалык, жөө аскерлердин күжүрмөн машиналарын, бронетранспортерлорун жана автомобилдерин эксплуатациялоо, командалык-штабдык, оперативдүү-тактикалык; мамлекеттин аскердик коопсуздугу; куралдуу чыр-чатактар укугу адистиктери боюнча бүтүргөн.
1973-1978-жылдары – мотоаткычтар взводунун жана ротасынын командири (Венгрия) болуп иштеп баштаган. Андан кийин Орусия жана Украинада бир катар аскердик кызматта иштеген. 1996-жылдан тартып 1999-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары.
2000-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы. 2001-жылы КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын тышкы байланыштар, коопсуздук жана региондук өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Ал эми 2005-жылдын мартынан тартып 2008-жылдын майына чейин - Коргоо министри, 2008-жылдын майынан тартып октябрына чейин - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2010-жылдын апрелинен июнуна чейин - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү – Коргоо министри, 2010-жылдын 13-майынан тартып 21-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча социалдык, саясий жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлү болгон.
2010-жылдын октябрында КСДПнын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. “Генерал-лейтенант” аскердик наамы бар. Баткен жана Алай райондорунун ардактуу жараны. Ош технологиялык университетинин ардактуу профессору. Отуздан ашык илимий монографиянын жана макаланын автору.