Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүштү

Бүгүн, 11-июнда президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту. Алар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Алмазбек Атамбаев Гутерришке "Таза Коом" долбооруна арналган форумга катышканы үчүн кубанычта экенин айтты. Ошондой эле Ош шаарына барып 7 жылда болгон өзгөрүүнү көрө ала турганын билдирди.

Гутерриш Кыргыз бийлиги демократиянын өнүгүшүнө салымын кошуп келе жатканы үчүн сыйга татыктуу экенин айтты.

Белгилей кетсек, БУУнун баш катчысы форумдан кийин Ош шаарына барып, этностор аралык кагылышуу болгон 2010-жылдын Июнь окуясына арналган коомдук иш-чараларга катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан