11:04 Бишкекте "Таза коом" долбоору кеңири чөйрөдө талкууланууда. Форумга президент Алмазбек Атамбаев, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Иш-чаранын алкагында "Таза коом" санариптик трансформация программасы жана туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары" эл аралык форумуна арналган видеоролик көрсөтүлүүдө.
11:12 Сапар Исаков "бул долбоорго кайдыгер карабагандар чогулуп жатат" деген пикирин утурлай, иш-чаранын жүрүшүндө кызыктуу презентациялар боло турганын билдирип, форумга катышып жаткандарга программа тууралуу айтты.
11:18 Президент Алмазбек Атамбаевге сөз берилип, алгач ал форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Ал "Таза коом" өлкө үчүн маанилүү долбоор болуп эсептеле турганын айтты.
11:23 "Биз эркин Кыргыз мамлекетин куруп жатабыз. Биздин күчүбүз жана байлыгыбыз эл. Бизде башка өлкөлөрдүкүндөй газ, нефть жок. Бирок күчтүү жарандык коом бар. "Таза коом" бизге санариптик мамлекет түзүп берет", - деди долбоор тууралуу президент Атамбаев.
11:30 БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш: "Таза коом" долбоору коррупция менен күрөшүүгө чоң мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле өкмөт долбоор аркылуу ачык-айкын иштейт. Бул жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү долбоор", - деди.
11:50 Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өкүлү Лилия Бурунчук аталган долбоор аркылуу санарипке өтүү жакшы өбөлгө экенин баса белгиледи. "Санарипке өткөндө мектептерге, бала бакчага электрондук кезек орнотулат. Ошондой эле салыкты жана башка төлөмдөрдү электрондук түрдө төлөп убакыт үнөмдөлөт. Ачык-айкындык пайда болот. Мамлекет ашыкча иш кагаздардан арылат. "Таза Коомго" өтүүгө аракетти жакшылап кылуу керек", - дейт. Мындан тышкары Кыргыз элинин "Аракет кылсаң берекет" деген макалын мисалга келтирди.
11: 57 Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынын өкүлү Бруно Балванера аталган коом жана анын артыкчылыктары тууралуу өзүнүн пикирин айтты.
Бишкекте БУУнун баш катчысы жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышкан иш-чара болуп өттү