Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы дарактарды кыюу башталды

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун кеңейтүү боюнча жол жээгиндеги дарактарды кыюу иштери башталды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн,12-июнда аталган унаа жолдун 46-чакырымында Москва районунан 20дай дарак кыйылды. Жолду кеңейтүү үчүн жалпысынан 3 миң дарак кесилип, ордуна 4300 көчөт отургузулат. Андан тышкары жол боюндагы 200дөй имарат бузулуп, ээлерине жалпы 2,2 миллион доллар компенсация төлөнөрү долбоордо каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан