Базар-Коргондо 36 жыл мурун курулган көпүрө урап түштү

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Моңол айыл өкмөтүндө көпүрө урап түштү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди. Анын айтуусунда, көпүрө кечээ, 11-июнда түнү бузулган.

"Бир тарабы урап түшкөн Аскер көпүрөсү буга чейин колдонулбай келген. 2010-жылы Кара-Үңкүр суусунун деңгээли көтөрүлүп, авариялык абал жаралган. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө тыюу салынган", - дейт Шерипова.

Маалымат катчы кошумчалагандай, Аскер көпүрөсү аймактагы башка көпүрөнүн курулушу жүрүп жатканда аралыкты жакындатуу максатында 1980-жылдары курулган. Ошондой эле бул көпүрөнүн убактылуу пайдаланылары белгилүү болчу.

Ал ошондой эле 2017-жылдын башынан бери Жалал-Абад облусу боюнча 24 көпүрөнү суу алып кеткенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2017-06-12 13:46:16
Биздин окмот 100 жылдык копуро кура алат бекен?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан