"Айыл банктын" Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Шамалды-Сай шаарындагы банкоматы иштебей жатканын окурман бүгүн, 12-июнда кабарлаган. Бул боюнча SUPER.KG порталы «Айыл банктын» адистеринен жооп алды.
Аталган банктын өкүлдөрү аймактардагы банкоматтардын иштөөсүндө маселе жаралып жатканын, учурда аларды жөнгө салуу боюнча адистер иштеп жаткандыктарын айтышты.
“Албетте, техника күтүлбөгөн учурда бузулуп, кардарлар үчүн ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Бул учурда "Айыл банктын" аймактардагы бөлүмдөрүнө барып, пенсияны накталай алса болот. "Айыл банкынан" тышкары дээрлик бардык банктардын банкоматтары пенсия үчүн алынган акчадан пайыз кармап калбайт. Биз бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, - дешти банктын кызматкерлери.