Парламентте Бишкек-Ош автожолунда кар көчкүдөн коргой турган тоннель куруу боюнча гранттык макулдашуу жактырылды

Бүгүн, 12-июнда парламенттин тиешелүү комитетинде Бишкек-Ош автожолунда кар көчкүдөн коргой турган тоннель куруу боюнча гранттык макулдашуу жактырылды.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, Япониянын гранттык каражатына Бишкек-Ош автожолунун Чычкан капчыгайында кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннелдин курулушуна жумшалат. Мындай тоннель жолду көчкүдөн толук коргойт. Бул багытта 38 миллион 200 миң доллар көлөмүндө грант бөлүнөт.

Андан сырткары комитет "Жол техникаларын тейлөө чеберчилигин өркүндөтүү" долбоору боюнча 4 миллион доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат боюнча макулдашууну да жактырды. Ал 20 жылдан бери колдонулуп келаткан жол куруу техникаларын оӊдоого мүмкүнчүлүк берет.

Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз өкмөтү менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы "Бишкек-Ош автожолундагы көчкүдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну карады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан