Бишкекте жер талашуудан улам чырдашкан кошуналардын чырына чек коюлду

Бишкекте жер талашуудан улам чырдашкан кошуналардын чырына чек коюлду. Буга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Советбек Абдрахманов "кошунам жер тилкемди тартып алууда" деген билдирүү менен SUPER.KG порталына кайрылган.

Бүгүн, 12-июнда Советбек Абдрахмановдун кошунасы Марлен Сонуналиев бул маселеге чекит койгонун билдирди.

"Мен буга чейин Советбек Абдырахманов менен базарда чогуу иштешип жүргөм. Ал менин жүктөрүмдү дарегине жеткирип берчү. Жөн гана ага-инилик мамилебиз бар болчу. Ал жер тилкесин алам дегенинен мен үйүмдүн жанынан 3 сотых жерди өз баасынан бир топ арзан баада саткам. Ортодон жылдар өтүп кошунам менен атам тил табыша албай, пикир келишпестиктен жер талашуу маселеси жаралыптыр. Мен буга чек койдум. Мурдагы сатып алган аянт боюнча жип тартып, бир чечимге келдик. Эми мындан ары араздашуу болбойт", - дейт Сонуналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2017-06-12 18:04:33
Туура кылыптырсын, Алла раазы болсун сага орозо айында.
+5
abusait
2017-06-12 19:41:44
Эч кимге ишенич жок. Документ жасатып забор тургузуп алышсын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан