Жогорку Кеңештин депутаттары абактагы аялдардын абалынан кабар алышты

Жогорку Кеӊештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Альфия Самигуллина бүгүн, 12-июнда Аламүдүн районунун Степное айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2-мекемесиндеги жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар менен жолугушту.

Алгач абактагы балдар үйү менен таанышкан депутаттар анда энеси менен кошо жүргөн алты наристеден кабар алышты. Абактагы бул балдар үйү, сегиз балалуу аялга ылайыкташтырылып, бардык шарты менен курулган.

Андан тышкары эл өкүлдөрү мекемедеги тигүү ишканасына да баш багып, андагы иш-жагдайга күбө болушту. Тигүү цехтин директору Фан Мэн Гундун айтымында, бул цех камактагы аялдардын жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин жумушсуз калбашын шарттайт. Бул жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдарды тикмечиликке үйрөтүп, андан соӊ иштөө мүмкүнчүлүгү берилет. Тигүү цехинен алган эмгек акысы аялдардын өздөрү үчүн жумшалып, арткан каражаты болсо жеке эсебине которулат.

Ошондой эле депутаттар абактын нан жапкан жайында, китепканасында жана сыйынуучу жайларында да болушту. Соӊунда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар менен болгон жолугушуусунда депутат Ирина Карамушкина камактагы аялдар кылмыш кылып, жазасын тартып жатканы менен, Кыргыз мамлекетинин жараны экенин белгиледи.

"Андыктан ар бир аракетиӊерге жоопкер экениӊерди туура түшүнүү менен үйүӊөрдө күтүп жаткан жакындарыӊар жана өзүӊөрдүн мындан аркы келечегиӊер үчүн баарын кайрадан баштоого аракет кылгыла. Себеби адамдын эӊ баалуу байлыгы - анын эркиндиги. Бирок эркиндикти коргоо таза абийир жана мыйзамдуу жашоо менен жасалат", - деди ал.

Жогоку Кеңештин маалымат кызматынан билдирилгендей, жолугушуунун жүрүшүндө абактагы аялдар мунапыс, сот жараяндары жана жеке камалышына байланышкан суроолоруна жооп алышты. Мындан сырткары депутаттар экстремизм жана терроризм менен айыпталган аялдар менен да жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кошумчалай кетсек, аялдардын аталган абак жайында 300гө жакын аял кармалып турса, алардын отуз сегизи - пенсиялык курактагылар, үчөө - жашы жете элек өспүрүмдөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан