Нарында кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS-билдирүү жазган тургун табыла элек

Кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS-билдирүү жазган тургун табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоев билдирди.

"Изделип жаткан тургун кайда экени белгисиз болууда. Нарын шаарынын Москва көчөсүнүн А.Т. аттуу тургуну жоголгон күнү жергиликтүү жашоочулар көпүрөнүн жанында телефон аркылуу сүйлөшүп отурганын көрүшкөн экен. Мындан улам куткаруучулар суудан издеп жатышкан. Эл арасында айтылган айрым маалыматтар боюнча, изделип жаткан тургун башка жакка кетүүсү мүмкүн. Күн сайын куткаруучулар менен кошо издөөгө чыгып жаткан жакын туугандары бүгүн келишкен жок", - деп билдирди Шонкоев.

Токтобек Шонкоевдин маалыматына ылайык, акыркы эки-үч күндүн аралыгында Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп издөө иштерине тоскоолдук жараткан.

Эске салсак, буга чейин Нарын дарыясына салынган асма көпүрөнүн жанында отурган тургун жоголуп, изделип жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ma9
2017-06-12 19:41:08
Табылып калсынчы
+4
Shef87
2017-06-12 22:42:00
Телефонун издеш керек кайда турат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан