АКШнын прокурорлору Дональд Трампты чет өлкөдөгү бизнес инвестициялары үчүн сотко берет

АКШнын Мэриленд штатынын Башкы прокурору Брайан Фрош жана Колумбия округунун Башкы прокурору Карл Рэйсин президент Дональд Трампты антикоррупциялык мыйзамдарды бузду деген кине менен айыптап, 19-июнда сотко берет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Washington Post басылмасы жазды. Прокурорлор Трамптын чет элдик бизнес инвестициялары АКШнын конституциясына карама-каршы келет деген пикирде.

"Бул Трамп президенттик тактыга келгенден кийин анын бизнестеги ээлик кылуу укугуна коюлган биринчи доо болууда. Январь айында Трамп кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн өзүнүн бизнес активдерин уулуна өткөрүп берерин айткан. Бирок прокурорлор Трамп бизнес тармагындагы убадасын аткарбаганын айтууда. Анткени президенттин уулу Эрик Трамп президент өзүнүн бизнес компаниясынын каржылык абалы туурасында ар дайым отчёт алып турганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Прокурорлор Рэйсин жана Фрош териштирүү ишин баштаса, алар Трамптан салык декларациясынын көчүрмөсүн талап кылып, анын кирешелерин ачыктамакчы. Башкы прокурорлор бул иш жакын арада Жогорку сотто карала турганынан үмүт артууда.

АКШнын Баш мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөдөн түрдүү белек жана жеңилдиктерди алууга тыюу салат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tatynam_88
2017-06-12 19:29:05
Неге бизде да сотко беришпейт Ашаны.Ашадан кудайдан корккондой коркушабы же?ииии муну соттосо ооой иииий ирип кеткен кынырлары чыгат ко
+1
meniuk
2017-06-12 20:42:00
tatynam_88,неге деген сурооду бербе тагдырга каршы суроо
0
Azatbek83
2017-06-12 20:15:29
Мыйзам деген ушундай болуш керек.Демократия деп ушуну айтыш керек.Бизде качан ушул мыйзам иштейт!!!
+1
meniuk
2017-06-12 20:40:48
о Трамп адвокат керек болсо тиги Кадыржандын адвокатын алып ал суудан курук чыгарат сени ал
0
kechirmeni
2017-06-13 09:38:26
Ошол прокурорлорду биздин прокурорлордун ооздоруна келиштирип туруп бир тукурттуруп коюш керек экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан