"Любэ" тобунун 60 жаштагы солисти Николай Расторгуевдин жүрөк оорусу кармап, ооруканага жеткирилди

Орусиялык белгилүү "Любэ" тобунун 60 жаштагы солисти жана гитарист Николай Расторгуев Тула шаарындагы концерти алдында шашылыш түрдө ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кечээ, 12-июнда жазып чыгышты.

"Николай Расторгуев "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, анын жүрөк оорусу кармаган", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ Орусия күнүн майрамдоонун алкагында Тулада "Любэ" тобунун концерти өткөн. Бирок ага Расторгуев катышкан эмес.
Белгилей кетсек, "Любэнин" жетекчиси, Орусиянын Эл артисти Николай Расторгуев Москва шаарына жакын жайгашкан Быково шаарчасында 1957-жылы 21-февралда төрөл­гөн. Жашынан музыкага кызыккан болочок ырчы мектепте гитарада кол ойнотуу жагынан эч кимди алдына чыгарчу эмес. Муну менен катар эле окуу жагын да унутта калтырбаган Николай Расторгуев мектепте жалаң "5" деген баага окуган. Ошол эле учурда кээде сахнага чыгып ырдап да койчу.
1989-жылдын 14-январында "Любэ" тобу түзүлгөн. Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көп­чү­лүктүн көңүл борборунан орун тапкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond0202
2017-06-13 08:14:07
айыгып кетсин
+6
chyngyz-40
2017-06-13 10:13:02
солдат солдат деген ыры жагат; айыгып кетсин
0
Gulnur1980
2017-06-13 10:53:37
chyngyz-40,Комбат дечи жигит))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан