Бишкек-Кара-Балта унаа жолун кеңейтүүгө 120 миллион 800 миң доллар жумшалат

Бишкек шаарынын чыга беришинен баштап Кара-Балтага чейинки 52,5 чакырым унаа жолун кеңейтүүгө 120 миллион 800 миң доллар жумшалат.

Бул маалыматты SUPER.KG’ге Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов кабарлады.

Унаа жолдун долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси “Азия өнүктүрүү банкы” жана “Kocks Consult” компаниясы менен даярдалды. Техникалык экономикалык негиздеменин аныктамасы боюнча жолго кетчү каражаттар болжолдуу эсептелип, “Азия өнүктүрүү банкы” 100 миллион доллар бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Ал сумманын 65 миллион доллары насыя, калган 35 миллиону гранттык жардам. Ал эми 20,8 миллион доллар Кыргыз өкмөтүнүн каржылоосунан каралган”, - деди Досумбетов.

Жолду кеңейтип оңдоону кытайлык “Сhina Railway” компаниясы жүргүзөрүн жана жумуштун мөөнөтү 3 жылга созуларын министрликтен кошумчалашты.

Айта кетсек, 12-июндан тарта аталган унаа жолдун жээгиндеги дарактар кыйылып баштады. Жолду кеңейтүү үчүн жалпысынан 3 миң дарак кесилип, ордуна 4300 көчөт отургузулат. Андан тышкары жол боюндагы 200дөй имарат бузулуп, ээлерине жалпы 2,2 миллион доллар компенсация төлөнөрү долбоордо каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
oroskulov1988
2017-06-13 12:02:16
70 миллоин долларына салынат деп айты элего кымбатап кеттиби
0
sirgak_92
2017-06-13 12:09:18
oroskulov1988,эээ кызыксын 120 мил дин жарымы жолго жарымы сол чонтоко кетет да тем более кытайлар салат алар арзан сапатсыз салышат.Орустардыкына салдырса 120мил толук кетмек жана Сапаттуу салынмак.Бул жерде да коррупция бар коп акча сол чонтоко кетет.
-2
KyrgyzKagan
2017-06-13 13:30:26
Европа,Россия,Америка жана башка онуккон мамлекеттерде 1км асфальт тошоого, 800мин-1млн доллар кетет экен. Ал эми биздин даяр жолду кенейтууго кана километрине 2,4млн.дон айланып атат. Коррупция бизде бала бакчадан Ак уйдун жетинчи кабатына чейин кетти.
+1
toktor89
2017-06-13 14:38:25
KyrgyzKagan, эн кызыгы 120милл долл. болсо 120 койго да ичинен белек береер.
+2
Arlenchik
2017-06-13 19:36:54
Жолдун ондолуп баштаганы жакшы жанылык, эми сапаттуу кылып проектиде корсотулгондой кылып убакытты созбостон ишти аягына чыгышсале болду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан