Биз социалдык тармакта

"Бала төрөлгөндө сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынса коррупция жоюлат" дейт депутат

Бала төрөлгөндө сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынса коррупция жоюлат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда КСДП фракциясынан депутат Айнура Осмонова билдирди.

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбоорунда жазылгандай, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилет. Ошондой эле 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилет.

Демилгечилердин айтымында, мурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн автоунаасы, малы, муздаткычы барбы деп текшерилип келген. Эгер аталган мыйзам долбоору ишке ашса, үй-бүлөнүн кирешеси эсепке алынбай туруп бардык балдар үчүн жөлөк пул төлөнөт.

“Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары айына 800 сом алышат. Кыргыз мамлекетинде жөлөк пул 90 миңге жакын үй-бүлөгө берилет. Жалпы 279 миң бала үчүн жөлөк пул төлөнөт. Ошону менен катар эле жөлөк пул алуу үчүн топтой турган документтердин саны азаят. Бул үчүн ата-эненин паспорту менен күбөлүгү гана талап кылынат. 2020-жылдан баштап электрондук жол менен арыз бергенге мүмкүнчүлүк болот”, - деди ал.

Аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн 7 миллиард 965 миллион сом керектеле турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Frezia
2017-06-13 15:44:11
Бул долбоордун ишке ашышы кыйын болот. Себеби бюджет көтөрө албайт. КР Өкмөтү 7 миллиард 965 миллион сомду табалбайт го.
0
beka666
2017-06-13 23:37:28
Бийликке ишенсен арам олосун, андан коро оз арабанды озун тарт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан