Билим берүү жана илим министрлигине Ысык-Көлдөн эс алуу жайы берилди

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы мамлекеттин менчигинде турган "Асыл" ден соолукту чыңдоочу комплекси Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Мындай чечим билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлигинен SUPER.KG'ге билдиришкендей, анда өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин мугалимдери менен министрликтин кызматкерлери гана эс алууга укуктуу.

Статистикалык маалыматка ылайык, 2016-2017-окуу жылында мугалимдердин саны 79 миңди түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akil.91
2017-06-13 14:08:36
Ошондо бул жерлерде окуучулар эс алышабы?
0
Aidan88
2017-06-13 14:39:28
Mugalimderge ushintip konul bursanar,bilim beruu tarmagyna konul bursanar ,okuuga sharty jok boboktor baary bilim alyshsa ,
0
bakulya2015
2017-06-13 16:10:37
Эн жакшы иш болуптур. Ар бир инсан кандай иште иштесе да,башында мугалимден билим алат. Андыктан мугалимдерди колдойлу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан