Түндүк-Түштүк кошумча жолдун курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алынууда

Түндүк-Түштүк кошумча жолдун курулушуна Сауд өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар насыя алынууда. Буга байланышкан насыялык келишимди Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети 13-июнда жактырганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү Азимкан Жусубалиевдин айтымында, каражат аталган жолдун Жумгал районундагы Дыйкан жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоого жумшалат. Насыя 25 жылга 1 пайыздык үстөк менен алынат.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу 433 чакырым болуп, 3 фаза менен курулуп бүтмөкчү. Жолду кытайлык “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы куруп жатат.

Биринчи фаза: Жолдун узундугу 154 чакырымды (Кызыл-Жылдыз айылынан Арал айылына чейин, Казарман айылынан Жалал-Абад шаарына чейин) камтыйт. Көк-Арт ашуусунда узундугу 3,7 чакырымды түзгөн тоннель болот. Бул фазага жалпы 400 миллион доллар жумшалат. Аны кытайлык Экспорттук-Импорттук банкы берип жатат.

Экинчи фаза: Жолдун узундугу 96 чакырым (Аралдан Казарманга чейин). Бул бөлүккө узундугу 0,7 чакырым болгон тоннель салынат. Жалпы суммасы 284 миллион доллар.

Үчүнчү фаза: Жолдун узундугу 183 чакырым (Кызыл-Жылдыз айылынан Балыкчы шаарына чейин). Жалпы суммасы 166 миллион доллар.

Жол 2020-жылы ишке киргизилет, ал эми 2022-жылы толугу менен кабыл алынмакчы. Жолдун начар бөлүктөрү жол салып жаткандардын эсебинен калыбына келтирилүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан