Депутат Бокоев: "Буудайды импорттоодо салыкты киргизүү боюнча маселе бүгүн каралбаса, демек, спикердин кызыкчылыгы бар"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев буудайды импорттоодо салык киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун күн тартибине коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда парламент жыйынында билдирди.

"Мурунку жумада мыйзам долбоору каралды эле. Ошол добуш берүүгө кеттиби? Эмне үчүн бүгүнкү күндүн күн тартибине кирбей калды? Бул маселени бүгүн кароону уланталы", - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бейшемби күнү каралып бүтпөй калган маселелер бир жумадан кийин кайрадан бейшембиге коюла турганын айтты. Андан соң спикер аталган маселе эртеңки күндүн күн тартибинде турганын депутатка эскертти.

Бокоев аталган мыйзам долбоору каралып бүтпөй калгандыктан бүгүнкү күнгө коюулушу керек болчу деген оюн айтты. "Атайын жылдырылып жаткандай сезилип жатат. Саясий маселеге өзүңүз айлантып жатасыз. Эгерде бүгүн каралбаса, спикердин саясий кызыкчылыгы бар деп айтам. Кирбесе сиздин кызыкчылыгыңыз бар экени билинет", - деди Бокоев.

Чыныбай Турсунбеков: "Кенжебек Сатымкулович, сиз эмне эле болуп жатасыз? Чеги, эби менен сүйлөп жүрсөңүз каалагандай сүйлөбөй", - деди.

Эске салсак, буга чейин 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында буудайды импорттоого кошумча нарк салыгын киргизүү мыйзам долбоору каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан