Базар-Коргон районунда мектептин чатырынан кулап, буту сынган окуучу өз алдынча басып калды

Базар-Коргон районунда ушул жылдын 17-январь - Аза күтүү күнүндө мектептин чатырынан желекти түшүрүү үчүн чыгып, кулап кеткен окуучу өз алдынча басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда SUPER.KG порталына Базар-Коргон районунун тургуну, кырсыкка кабылган окуучунун апасы Тиллекан Ибраимова билдирди.

"Балам кырсыкка кабылгандан бери бейтапканадан башыбыз чыккан жок. Кырсыктын болгонуна 5 ай убакыт болду. Баламдын бир көзү жакшы көрбөй, тунарып жатканын айтууда. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы көз дарыгерине көрсөтүү үчүн алып келдим. Уулум 4 ай бою мектепке барбай окуу жылы аяктаганда сынак тапшырууга мектепке барса мектеп директору "эмнеге сабактарды билбейсиң" деп жемелептир. Азыркы учурда балам балдакты таштаган. Бирок көп басса буту шишип кетүүдө", - деп билдирди Ибраимова.

Эске салсак, буга чейин мектептин экинчи кабатынан кулаган окуучунун баш мээси чайкалып, буту 3 жеринен сынып кеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан