Ирина Карамушкина: "Депутаттар Бишкектин борборунан алыс жашагысы келбей жатат"

Жогорку Кеңештин 14-июндагы жыйынында Ирина Карамушкина (КСДП) депутаттар Бишкектин шаарынын борборунан алыс жайгашкан турак жайдын батирлеринде жашагысы келбей жатканын айтты.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин карамагында 37 батир бар. 7 батир шаардын борборунан алыс жайгашканын белгиледи. Ал билдиргендей, Аламүдүн-1 кичи районундагы батир көп жылдан бери бош турат.

Депутат “Жогорку Кеңештин кызматтык турак үйү жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү сунуштады. Анда турак жайга муктаж болгон Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери мекеменин батирлеринде убактылуу жашоого уруксат берүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан