Парламентте быйыл капиталдык салымдарга кирген социалдык курулуш объектилеринин тизмеси өтө кеч бекитилгени айтылды

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев быйыл "капиталдык салымдарга" кирген социалдык курулуш объектилеринин тизмеси өтө кеч бекитилгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

“2010-жылдан бери биринчи жолу ушундай болуп отурат. Мындай кылганга болбойт. Эмне, бюджетте акча жокпу? Талас аймагында мурда “капиталдык салымдар” тизмеси боюнча курулуп жаткан 19 объекти бар болчу, быйыл ага 3 гана курулуш кирди. Ал эми калган 16 объектинин тагдыры эмне болот? Быйыл жок дегенде курулушу башталып калган объектилерди аягына чыгарыш керек эле”, - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан