Улан Примов Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары чогулган каражатты тез арада бөлүп берүү зарылдыгын айтты

КСДП фракциясынан депутат Улан Примов Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн чогулган каражат тез арада таратылып берилиши керек экенин айтты. Мындай сунушун депутат бүгүн, 15-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңеш Чоң-Алайда болуп өткөн жер титирөөдөн тиешелүү токтомдорду кабыл алдык эле. Жабыркагандарга жардам катары жалпы эл-журтубуз акча каражат топтоду. 2 күндүн биринде маалымат чыгып жатат. Бирок ошол акча каражат качан элдин колуна таратылат? Кандай тартипте берилет. Ал жакта кыштын келерине 2 ай калды. Тез арада акчаны бөлүп берүү керек. Кышка чейин турак жайларын оңдоп, куруп алышсын", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kenjebek_a
2017-06-15 14:13:03
Дача судагы кайгылуу иш болгондо бул сдпкчы мынча шашпады эле.Алай,Алай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан