Төрөбай Зулпукаров: “Кыргызда лотереяга тыюу салынса да, лотерея ойнотулуп жатат”

Кыргыз мамлекетинде лотереяга тыюу салынса да, лотерея ойнотулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

“Лотереялык ишмердүүлүккө тыюу салган мыйзам кабыл алынып, ага президент кол койгон. Бирок лотереялык ишмердүүлүк улантылып эле жатат. Керек болсо кайсы жерлерде сатылып, ойнотулуп жатканы боюнча да маалымат берейин. Муну кандай түшүнсө болот? Ачык, көз көрүнө эле кылмыш болуп жатпайбы. Мыйзам күчүнө киргенден кийин иштеши керек. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик лотереялар гана ойнотулат. Биз мыйзамды кабыл алып эле тим болбостон, анын аткарылуусун да көзөмөлдөөгө укугубуз бар. Ошондуктан мыйзамдын иштөөсүн өкмөт көзөмөлгө алып, бул жаатта канча кылмыш иши козголгону боюнча маалымат беришсин”, - деди Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Neizvestno777
2017-06-15 12:57:24
Озу букмекерский контораларды албай эле коюш керек болчу, лотореяны жок кылып
0
kenjebek_a
2017-06-15 13:38:33
Торобай мырза ошого кошуп кытайдан башка олколордон алынып келинген окарачкаларды да тыйсаныз жакшы иш болмок.Адал тамак эмес экенин билсениз керек,намаз окуган киши катары.Же крышават эткендерге адал болобу.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан