Т.Айтматов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, көчөнү каптады. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Бишкек жылуулук түйүнүнүн басма сөз катчысы Канышай Дүйшөнбекова төмөнкүлөрдү билдирди.
"Ысык сууну берерден мурун атайын муздак сууну түтүктөрдөн агызып бир сыйра текшеребиз. Түтүктөрдү текшерүү учурунда бири жарылып кеткен. Бул жыл сайын жүргүзүлүп келе жаткан пландалган иш. Агып жаткан таза муздак суу, элге мурда текшерүү иштери жүргүзүлөрү тууралуу кабарланган", - дейт Дүйшөнбекова.
Андан сырткары ал учурда жылуулук түтүктөр жарылган жерде оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди.