Рак оорусуна чалдыккан "Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева Кыргыз жерине келип, учурда өз үйүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге эжеси Медина Нукеева кабарлады. Анын айтымында Израилден келгенден бери Кыргыз жергесинде үйүнөн эле дарыланууда.
"Жибекке ар үч ай сайын дарыгерлер ар кандай дарыларды жазып беришүүдө. Дары-дармектерди Израилден алдырып жатабыз. Абалы түзүк, азыр дарылануунун кезектеги 3 айлык курсун алып жатат. Ошол аяктаса анан натыйжасы билинет", - дейт Медина Нукеева.
Айта кетсек, 2015-жылы Жибек Нукеева 7 айлык кош бойлуу кезинде анын рак оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон. Балага зыяны тийбеши үчүн дарыгерлер эрте төрөтүп алышкан. Ал Израиль жана Италиядагы ооруканаларга барып, текшерүүдөн өтүп келген. Бирок дарыгерлер операция жасоодон баш тартышканы маалымдалган.