Бишкекте оңдоп-түзөөдөн өткөн 4 унаа жолу ачылды

Бишкектеги капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаадагы 29 унаа жолунда оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Мэриянын билдиришинче, учурда 4 негизги жолдордо оңдоп-түзөө иштери аягына чыкты.

Маалыматка караганда, Иманалиев көчөсүндө унаа жолундагы тилкелерге бөлүп туруучу сызыктарды чийүү жана жарыктандыруучу жабдууларын орнотуу уланууда.

Жарыктандыруу иштери Медеров, Достоевский жана Гагарин көчөсүнүн тротуарын оңдоо, жол белгилерин коюу иштери уланып жатат. Кытайдан берилген гранттын негизинде 2017-2018-жылдар аралыгында жалпы 49 көчөдө, узундугу 95 чакырым болгон жолду оңдоо иштери жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан