"Орто-Токой ынтымагы" уюму жана Балык чарба департаменти биргеликте Орто-Токой суу сактагычында браконьерлерге бөгөт коюу жана тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 16-июнда суу сактагычтан узундугу беш чакырымга жеткен тор алынып чыгарылып өрттөлдү. "Ушундай иш-чаралар Орто-Токой толук тазаланып бүткүчө улана бермекчи", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.