ЭЛДИК КАБАР: Окурман Суусамырдагы жолдун начар абалын көрсөткөн сүрөттөрдү жөнөттү

Ош-Бишкек жолунун Суусамырдагы бөлүгү начар абалда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди. Анын сунушу боюнча, Суусамырдагы жолду жамоонун ордуна толук асфальт төшөш керек.

Айта кетсек, Транспорт жана жол министрлиги Чүй облусунун Суусамыр, Төө-Ашуу унаа жолдорундагы аң-чөнөктөрүн жамоо иштери июнь айында башталарын билдирген. "Жолдорду жамоодо аба ырайынын жылуулугу +5 градустан жогору болушу керек. 23-майда министрликтин адистери Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте аталган жолдордун абалын көрүп келишти. Учурда жаан жаап, жолду оңдоого мүмкүнчүлүк жок экенин айтышты", - дешкен мекемеден.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sanchos1
2017-06-17 09:36:44
Жол ондобой тойгузушту го. Оздору ал жолдо журушпойт да. Бир ай мурун Бишкекке бара жатып эки балонумду бир чункурдан жардым. Бирине гоо запаска экинчисине Парижге барып жалдырап жатып баллон ондоочу жайдан ондотуп ары карай кеттим. Тун жарым болчу. Иштей албаган министирлер ....норду кысып жумушунарды иштегендерге откозуп бергиле да. Тойгуздунар чындап. Ары отсон 45, бери отсон 45 сом аласынар. Толк жок.
+6
tatynam_88
2017-06-17 11:48:34
Айттым го казинону ошо жерге ачыш керек.
+1
mma_fighter
2017-06-17 13:06:01
Жыртык байпактай го биягы
+4
Akimaly92
2017-06-17 13:24:17
Тогулуп калыптырго
+2
ayjan_90
2017-06-17 14:17:05
Илме тешик го бул жолдорду жамабай эле норм кылып ондош керек биздин чондор качан элим жерим деп иштеп калат экен эхх алтындай болгон жерим Кыргызстан баары жок бар алтын суу куророттой болгон жерлерибиз колубуз бар бир гана элди жерди ойлой турган эл башчы келбей койду баары эле чонтогун толтурмай менен алек ээ аллахым кыргыз элиме иштей турган эл башчы бере кор
+3
gulmira12345
2017-06-17 15:56:10
жук ташыган адамдар олтурот жолго женил машина 50сомдон берсе алар 500дон бериш керек себеби алар миллиондогон товар менен отушот
0
jbolotov
2017-06-17 16:25:21
Жакшы болуп калыптырда жаай айдайт за то аман эсен )
+3
etaj_rus79
2017-06-17 22:51:21
Ак уйду суусамырга жылдырып койуш керек ошондо проблема шарт чечилет эле
+3
aravan.kg
2017-06-17 23:43:45
Жол эмей эле шифер болуп калыптырго
0
aravan.kg
2017-06-17 23:47:03
Мына коросунор жамаган чактада ичиндеги суу боюнча асфальттап койот, эгер кудай жалгап ондоп калышса деймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан