ЭЛДИК КАБАР: Окурман Бишкектеги "элиткада" батир өрттөнүп жатканын көрсөткөн видеону жөнөттү

Окурман Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчүлөрүнүн иштегенине нааразы. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 17-июнда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 17-июнга караган түнү Киев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө өрт чыккан. "Үй 1 саатка жакын күйүп өчөйүн деп калганда, анан өрт өчүрүүчүлөр суу чачып киришти", - дейт окурман.

Айта кетсек, ӨКМнын маалыматы боюнча, 17-июнга караган түнү саат 01:15 чамасында Киев, 114/2 дарегинде жайгашкан 11 кабаттуу үйдүн 7-кабатында өрт чыгып, №66-батир толугу менен күйгөн. Жалпысынан 100 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Өрт саат 02:08де курчоого алынып, саат 03:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүдө 5-10-кабаттарда болгон 12 адам куткарылган. Кырсыктан улам жаракат алгандар жана каза болгондор жок. Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бишкектеги "элиткада" батир өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dastanke2014
2017-06-17 13:16:19
Куйо электе чалбапсын да. Алардын техникаларынын эскилигин ТВ дан коруп зээним кейиди.
+1
Kroxa
2017-06-17 13:19:23
Чычканга олум мышыкка кулку болуптур да..бери жакта кулууп карап турушат...
+1
jbolotov
2017-06-17 16:14:15
Дагы жакшы бийиктике жететурган машина алышыптыр болбосо абийирибиз олло ачылмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан