ИИМдин өкүлү Аскат Алиев Орусиянын чек арасында кармалган 4 кыздуу жалгыз бой келиндин ишине кийлигише албастыгын айтты

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Аскат Алиев Орусиянын чек арасында кармалган Аида Абдыкарыеванын иши боюнча SUPER.KG берген суроолорго кыскача жооп берди.

Ал бул маалымат менен SUPER.KG аркылуу таанышып, Аида Абдыкарыева боюнча маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине жибергенин айтты.

Биз тергөө иштерине кийлигишкенге мыйзамдык укугубуз жок, элчиликке маалымат жөнөтүп койдум”, - деди Алиев.

Ал эми "Орусиянын мыйзамдары боюнча Аида Абдыкарыевага кандай чара көрүлүшү мүмкүн? Мындай шартта чет өлкөдө, бөтөн адамдардын колунда калган анын 4 жашы жете элек кыздарына кандай кепилдиктер каралган?" деген суроолорду ИИМдин өкүлү жоопсуз калтырды.

Эске сала кетсек, Екатеринбург шаарынан Бишкекке келе жаткан 4 кыздуу жалгыз бой келин Аида Абдыкарыеваны орусиялык чек арачылар 16-июнда кармашканы айтылган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматы бул боюнча мыйзамдуу аракеттер дүйшөмбүдөн тартып көрүлөрүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
meni_kut
2017-06-18 17:32:04
Россияда кыргызстандын элчилери мигранттарга жардам бербей какшатканын канча уктук.Жок дегенде жакшы юрист таап бергенге болбойт бекен,тергоого кирише албаса да?
+5
baha1985
2017-06-18 17:46:30
Билем дедин тутулдун билбейм дедин кутулдун,
Аскат да оной кутулуп кетиптирго элчилик Эми не деп кутулат экен жардам берип койсо жакшы болмок жыргаганынан ошол ишке барган жок Ал келин да ошол 4 кызын багыш учун биронуку менен болсо да аракет кылды туугандар жардам бериш керек биздин чондор донгоч эле болуп калдыго билбейм деп кутулуп
+9
bond02
2017-06-18 18:16:23
Ошол жакта иштеп акча таап уй булоо багып жаткандан кийин ал жактын законун да бир аз сыйлап койсок мигранттар.
+2
zevs
2017-06-18 22:06:52
Juro bergile bizge bawkalar kelip jardam beret
+1
Tunerbei1812
2017-06-19 06:05:14
Алиев мырза анда оозунарды ачып отура бергиле. Ага укуктук жактан жардам бериш силердин туздон туз кесиптик милдетинер. Адамдын кулагын кесип ойногон Батукаевге олуп калбаса экен деп кызматынарды кыла бергиле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан